Чүйдө коронавирустан каза болгон бейтап ооруну жуктурганын билбей, үйүндө ооруп жаткан

739

Кечээ, 20-апрель күнү Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап – Чүй облусунда 70 жаштагы кемпир жана Ош шаарында 79 жаштагы карыя каза болгон.

Чүй облусунда коронавирустан каза болгон бейтап илдетти жуктурганын билбей, үйүндө ооруп жаткан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Чүй облусунда каза болгон бейтап көпкө чейин үйүндө ооруп жаткан. Анын да өнөкөт оорулары болгон. Көпкө чейин медициналык жардамга кайрылган эмес. Өз убагында ооруканага жатуудан баш тарткан. Аны оор абалда ооруканага алынып келгенде дарыгерлер аны коронавируска текшерүүнү чечишкен. Анализ алынып, анын жыйынтыгы оору бар экенин көрсөткөн“,- деди министрдин орун басары.

Маркум менен үйүндөгү 5 адам тыгыз байланышта болгон. Алар үй карантининде болуп, медициналык көзөмөлдө турушат.

Ош облусунда каза болгон бейтап ооруканада дарыланып жаткан. Жаш курагына байланыштуу өнөкөт оорулары бар болгон. Коронавирус жуктурган учурда иммундук системасы алсызданып калган болушу мүмкүн. Дарылоо аракеттерине карабай ал бейтап каза болду“,-дейт Үсөнбаев Ошто каза болгон жаран боюнча.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 590го жетти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь