Эртең, 22-апрелде Нарын облусунун айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн, деп билдирет Кыргызгидромет. Калган облустарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 26…28 градус болот.