Акылбек Жапаров: “Бир үй-бүлөдөн бир эле киши шайлоого катышыш керек”

2 482

“Элдик Медиа” порталы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров менен учурдагы кырдаал тууралуу маек курду.

– Саламатсызбы, Акылбек мырза. Алгач эле учурда социалдык тармактагы талкуу жаратып жаткан маселелер боюнча суроо берсек. Мындан бир нече күн мурун соц.түйүндөрдө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетет экен деген маалыматтар чыгып, премьер-министрликке сизди талапкер катары көрүлүп жатат деген жаңылыктар тарап кеткен. “Эгерде өкмөт башчылыкты колума берсе 2 жылда мамлекетти бутуна тургуза алам”, – деген экенсиз. Ушул тууралуу кененирээк айтып өтсөңүз.

– Учурда өлкөдө болуп жаткан кырдаалда өкмөттү алмаштырууга кажет жок. Ал эми соцтармактарда өкмөт кетип калса, сиздин талапкерлигиңиз чыгып калса деген маселелер болуп жатат. Туура! Мен мамлекетти бутуна тургуза алам дегеним чын. 2005-2007 жылдары Кыргыз Республикасынын бюджетин үч эсеге, ички дүң продукцияны эки эсеге көбөйткөн кишилердин биримин. Менин өзүмдүн пландарым, механизмдерим бар. Учурда ошо пландарымды, бир топ ойлорумду кагаз түрүндө өкмөт башчыга, парламенттеги кесиптештериме дагы жөнөтүп жатам.

– Сиз берген сунуштарды Өкмөт кандай кабыл алууда?

– Туура, жакшы сунуштар экен деп жатышат. Бирок, тилекке каршы көбү иш жүзүнө аша элек. Айрымдары кээде эске алынып жатат.

– Эгерде премьер-министр өз ыктыяры менен кетип, президент тарабынан бүгүнкү оор кырдаалда сунуш түшсө макул болот белеңиз?

– Мен премьер-министрликке даярданганыма бир топ жыл болду. Албетте иштеп кетүүгө даярмын.

– Сиз Өкмөткө берип жаткан сунуштарга кайрылсак. Социалдык тармактарда сиз берген кеңештерден, механизмдерден аябай деле өлкө өнүгүп кеткен жок деген талкуулар жүрүп жатат. Ушуга кандай карайсыз?

– Биринчиден, мен берген сунуштардан улам өтө туруктуу бюджеттик кодексти кабыл алганбыз. Президент, премьер-министр дагы макулдулугун берген. Биз бюджет структурасын атайын бюджет кодексине ылайыкташтырдык. Мисалга, азыр 18 миллиард салык түшпөй калса пенсия, пособиелер, айлыктарды, тышкы карыздарды кыйналбай төлөп кете алабыз. Экинчиден, 2023-жылдан баштап тышкы карыз аябай курчуп келет, ошо тышкы карызды тейлеш үчүн мамлекеттик резервдик фонд деп бюджет кодексине сунуштап киргиздиргем. Ошол жерге акча топтой берели, 2023-жылга чейин жок дегенде 500 миллион доллар болуш керек. Анан ал акчаны доллар менен кармабай, Кумтөрдөн алтын сатып алып, алтын катары кармаш керектигин айткам. Бирок, тилекке каршы өкмөт мындай кадамга барбай жатат. Жооп жок.

– Мурдагы премьер-министр Темир Сариев “Азаттык” үналгысы менен маек учурунда Кумтөрдүн акциясынын канча бир пайызын сатыш керек деген таризде айтты. Сиз буга кандай карайсыз?

– Кризис маалында алтын кымбаттайт. Биздин акцияларыбыздын баасы жаңы өсөйүн деп жатса, сатып жибергенибиз туура эмес деп эсептейм. Күн сайын алтындын баасы 5,15,20 долларга өсүүдө. Мен 2003-жылы Күмтөргө каршы чыкканда Темир Аргембаевич Centerra Gold Inc. компаниясына макул болгон. Биз атайын мыйзам чыгаруу палатасынын токтомун даярдаганбыз. Реструктуризация туура эмес, бизди алдап жатышат деп. Мына ушул даярдалган токтомдун негизинде 2005-жылы Канададан 17% акцияны кайра алып келдим. Бүгүнкү күнү убактылуу өкмөт 6% сатышыптыр. Азыр 33 пайыздан 27 пайыз эле калыптыр. Учурда 515 миллион доллардын акциясы бар.

– Сиз финансы тармагын жетектеп жаткан учурда көп өсүштөр болуптур. Бул кызматтан кетишиңиздин себеби эмнеде?

– Мен жеке кызыкчылыктарын көздөгөн адамдарга тоскоол жаратсам керек. Улуттук банктын депозитинде 4 миллиарддан ашык акча бар болчу. Анын баарын коротпой “Камбар-Ата-2” экинчи агрегатын бүтүрөйүн дегем.

– Жогорку Кеңештин VI чакырылышы да аяктап бара жатат, кийинки чакырылышта депутаттыкка аттанасызбы? Деги эле, өзүңүздү кайсы жактан көргүңүз келет элге кызмат кылуу үчүн?

– Негизи ким болсоң дагы ишти майын чыгара жасаш керек деген ураанды карманам.

– Сиздин кесиптештериңиз референдум боюнча маселе көтөрүп чыкпадыбы. Сиз кандай көз караштасыз?

– Менин жеке оюм боюнча айтат элем, референдуму жок эле парламент 2020-жылы келип конституциялык реформаны конституциялык анализатор, юристтер менен отуруп чечип коюш керек. Негизи эле эң баарынан биринчи шайлоо системасын өзгөртүш керек деп ойлойм. Мисалга, бир үй-бүлөдөн бир эле киши шайлаш керек. Ошондо жоопкерчилик көтөрүлөт. Элдер шайлоого бара баштайт.

-Акылбек Үсөнбекович, маегиңизге ыраазычылык билдиребиз. 

Комментарии

  1. Ооба туура айтып жатат,бир уй булодон бир эле адам катышыш керек ,ал тугул ар бир райондон ,бирден депутат,закон жазган 10 депутат эле жетиштуу,калганынын кереги жок эл аларды багып жатат оздору ачка отурат депутаттыэмес элди багыш керек.

  2. Ар бир уйдон бир адам шайласын деген адамдардын укугу тепселенет наоборот баары катышсын бирок депутатын саанвн 20-30 дан ашпаса биз миллионер мамлекет болобуз

  3. Ооба туура чечим чыгарган, бир үйдөн бир адам шайласа жоопкерчиликтүү болмок, негизи өкмөттү жамандайбыз бирок бул киши эмес башкалары,бул кишиде тажрыйба көп анан калса жашы деле өтүп ажалы жакындап калды, кыргызга жаман ою жок чыгар

  4. Бийлик эмнеден коркуп жатат белгисиз Акылбекти Премьер кылышса оңолот эле өлкөбүз бул адам аябай кыраакы жана бир кадам алдыга ойлонот азыркы учурда премьер кылбаса 2023 жылы кыйынчылыкка учурайбыз Акылбек буга даярдык көрүп коймок

  5. Акылбек Жапаровдун айткан пикирлерине кошулам. Анткени көпчүлүк учурда өтө туура маселелерди көтөрөт жана анын арты эмнеге алып барарын билип туюп турат. Күчтүү экономист, бул кишинин билимин, тажрыйбасын өлкөгө пайдалануу керек. Кезинде бир далай көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды айтканда айрымдар күлүшкөн, бирок акыр аягында
    Акылбек Жапаровдун айткандары туура чыгып, мажбур ошол жолго түшүүгө аргасыз болгон убакыттар болгон. Өлкөбүз бирөө! Ар бирибиз өз салымыбызды кошууга жана ким экендигине карабай туураны туура деп айтууга милдеттүүбүз. Бул адамдык жакшы сапат болушу керек. Мен колдоймун! 👍

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь