“Жашасаң болмок, Элмирбек иним!” Өмүрбек Бабанов көңүл айтты

682

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз элибиздин дагы бир жылдызы учту. Чындыкты ачуу болсо да күйдүрүп айткан, сүйүүнүн таттуу чындыгын сиңдирип айткан иним! Түбөлүк жайга сен кеттиң, түнөрүп калды эл-жериң! Жашасаң болмок, Элмирбек иним! Ар бир ырың менен ар бир сөзүң зыркыратат. Жаткан жериң жайлуу болсун! Таамай сөздөрүң, муңдуу ырларың, жаркын элесиң элибиз менен түбөлүк калат…”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь