Кытайлык дарыгерлер коронавирус илдети менен ооруган адамдардын териси карарып калаарын аныкташты. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Адистердин айтымында, инфекция жуккан адамдын денесинде гормоналдык тең салмактуулук болуп боордун бузулушун алып келет. Дарыгерлер Ю Фан жана Ху Вейфенг коронавирусту 2020-жылы январда Ухань борбордук ооруканасында бейтаптарды дарылап жатканда жуктуруп алышкан. Ю Фан өзүнө келип, өзүнүн абалын билгенден кийин коркуп кеткенин мойнуна алган.
Басылманын маалыматында, дарыгерлердин өмүрүн экстракорпоралдык мембрананы кычкылдантуу (EКMO) ыкмасы менен сактап калууга мүмкүн болгон. Коронавирус инфекциясын дарылоодо бейтаптын организми башкача кабыл алган, тактап айтканда теринин түсү карарып кеткен. Кесиптештерин дарылаган дарыгердин божомолу боюнча, теринин карарып кетишинин себеби вируска каршы берип жаткан дарыдан болушу мумкүн.
Буга чейин кардиолог Харлан Крумхольц вирустан бардык организм жабыркаарын жана инфекциянын оордугу таң калыштуу экенин айткан.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус дарты менен учурда бүткүл дүйнө күрөшүп жатат.