Бүгүн 22-апрелде COVID-19 вирусу бар аял каза тапты, ал 53 жашта болчу. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.
Бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарттары бар болчу.