Бүгүн, 22-апрелде саат 12:50гө карата Казакстанда дагы 22 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Алматы (13), Нур-Султан (2) шаарларында жана Алматы (7) облусунда катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандар 2047 адамга жетти.
Ал эми 22-апрелге карата Өзбекстанда дагы 14 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Муну менен Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 1692 адамга жетти.