Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 612 адамга жеткенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 538 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
– Жакын байланыштар (I категория) – 2 037
– Башка байланыштар (II категория) – 6 501
Кыргызстан боюнча обсервацияда 682 адам жатат.