Бейтап 32 күн бою коронавирус менен күрөшүп, акыры жеңип чыкты.
20-апрель күнү Ноокат аймактык ооруканасынан оор абалда келип түшкөн бейтап айыгып чыкты. Ал эки жолу ПЧР анализин тапшырып, жыйынтыгы терс болгон. Медициналык кызматкерлер бул бейтаптын өмүрү үчүн бир айдан ашык убакыт күрөштү.
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Дильшат Мамажанованын айтымында, Covid-19 оорусуна чалдыккан бейтапты дарылоо төрт этаптан турган.
“Бейтап бизге оор абалда келип түшкөн, дем алуусу оорлошуп, дене табы жогору, жөтөл болгон. Башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев, инфекционист Айнура Кутманованын катышуусундагы консилиумдан кийин бейтапты дарылоого кириштик. Биз бейтапты кычкылтек менен камыздашыбыз керек болду, алгачкы ыкмабыз оксигенотерапиядан баштадык. Жалпысынан бир бейтапка 6 концентраттарды иштетип, оозуна жана мурдуна байланыштырдык. Кийин суюк кычкылтек келип, ага туташтырганда жылыштар байкала баштады. Кийинки этапта антибиотикотерапияга өттүк. Кийин ИВЛ аппаратына кошууну чечтик. Биздин адискөй кызматкерлерибиздин аракети менен өлүмдөн алып чыктык“,- дейт бөлүм башчы.
Бейтап ооруканадан чыгып, эми 14 күндүк үй карантинге жиберилди.