Сөгүнгөн кыз үй камагына коё берилди

274

Бишкекте милиция кызматкерлери менен чырдашып, кыргызстандыктарды кемсинткен кыз үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык комендатурадан билдирди.

Кыздын бөгөт чарасын узартуу үчүн сотко алып келишкен, бирок Октябрь райондук соту аны үй камагына кое берген.

Эске салсак, 14-апрелде соцтармактарда видео тарап, анда жаш кыз өзгөчө абал маалында беткапсыз, жанында тийиштүү документтери жок көчөдө жүргөн. Аны милиция кызматкерлери токтотуп, эскертүү берип баштаганда кыз укук коргоо органынын өкүлдөрүн оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Кийин анын өздүгү такталып, СИЗОго камакка алынган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь