Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.
Бүгүн 22-апрелде өтө турчу Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылып калды.
«Азыркы учурда А.Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Анын эч кандай данаттуусу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бирок белгисиз себептерден улам 2020-жылдын 22-апрелинде Атамбаев соттук процесске катышуудан баш тартты»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин абалы начар болгондуктан, сотко катыша албаганын билдирген.