Ысык-Көлдө эркек киши жашы жете элек эки кызга сексуалдык ыплас аракеттерди жасаган

590

Ысык-Көл облусунун Түп районунда эркек киши таанышынын жашы жете элек эки кызына ыдык көрсөткөн.

20-апрелде Түп РИИБне 1977-жылы туулган Марина аттуу аял кайрылып, таанышы Сергейге чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, Сергей 19-апрелге караган түнү 2008 жана 2009-жылы туулган кыздарына тийишкен.

Маринанын арызы “Ыплас аракеттер” беренеси менен КЖБРге катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Арыздануучунун айтымында, Сергей анын үйүнө келип чогуу арак ичишкен. Андан соң аял уктап калган, эки күн өткөндөн кийин кыздары Сергейдин тийишкенин айтып беришкен. Сергей кыздардын денесине колун тийгизген.

Ал эми кылмышка шектүү Маринаныкында болгонун жана бирге ичимдик ичкендерин ырастады. Бир аз убакыттан кийин сүйлөшкөн кызы уктап калган, ал эми өзү кыздар менен ойноп отурган. Ал кыздарды кытыгылап гана ойногонун, оюндан кийин уктап калгандарын айткан.

Облустук милициядан билдиргендей, бүгүн 22-апрелде Маринанын үйүнө атайын топ барып соттук-психиатриялык жана соттук-психологиялык экеспертиза жүргүзүшөт. Анын жыйынтыгы менен Сергейе карата чара колдонулат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь