Эртең, 23-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирет Кыргызгидромет. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +27…+29 градус болот.