“Бай дыйкан” айыл чарба колдоо долбоору Балыкчыда 22-23-апрель күндөрү шаардын үстүнөн фармайод препараты менен акысыз дезинфекция иштерин жүргүзүштү. Кечээ 22синде эки агродрон менен базар жана башка эл көп чогулган жерлерди дезинфекциялашса, бүгүн 23-апрелде мотодельтаплан менен таң эрте бүт шаардын үстүнөн чачышты. Ошондой эле бүгүн дагы агро дрон менен шаардык оорукананын бардык аянты дезинфекцияланды.
“Бай дыйкан” командасынын жетекчиси Эрлист Акунбеков бул иштер элге бир аз да болсо жардам берүү ниетинде жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бардык чыгымдарды өзүлөрү көтөрүшкөнүн жана уюштуруу иштерине шаардык мэриянын кызматкелеринин, күч органдарынын, ӨКБнүн өкүлдөрүнүн жардамы тийгенин белгиледи.
Бул препарат хлорка эмес, андан дагы кымбат жана күчтүү фармайод дарысы. Долбоордун жетечиси бул препарат чачылган жерде отуз күн бою вирус болбой тургандыгына ишендирди. Фармайоддун 1 кг баасы 1100 сомду түзөт. Препарат адамдын ден соолугуна, үйдөгү жан-жаныбарларга, бак-шак, өсүмдүктөргө зыяны жок, тескерисинче ооруган бактарды айыктырып, пайда берет.