Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 4-кичирайондо №14 үйдүн батирлеринин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 13:13тө келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМ тарабынан 1 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.