Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2020-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам менен төмөндѳгү калктуу конуштар айыл категориясына киргизилген:
– КР Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар калктуу конуштары;
– КР Нарын областынын Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу калктуу конушу;
– КР Ош областынын Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир жана Орто-Талаа калктуу конуштары;
– КР Ош областынын Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күңгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей калктуу конуштары;
– КР Чүй областынын Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конушу.
Ошондой эле мыйзам менен жаңы түзүлгѳн айылдардын схемалык карталары бекитилген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.