Караколдо балдарын бага албай калган жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылды

2 181

Караколдо жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирген.

Анын айтымында, ал аял 2 баланы багып, алардын биринин майыптыгы бар.

“Кечээ маалымат келгенден кийин мэриянын жана “Тирек” реабилитациялык борбордун кызматкерлери ал үй-бүлөгө барышкан. Ал аял көп дары ичип алып, өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок аны медицина кызматкерлери куткарып калган. Ал үй-бүлөсүн бага албай жатканын айтты. Кечээ күнү мэриянын кызматкерлери гуманитардык жардам алып барып берди. Ошондой эле балдарга жардам борбору да азык-түлүк түрүндө жардам беришкен. Учурда ал аял менен психологдор иштеп жатат”, – деди ал.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу ал аял күнүмдүк оокатын таап иштеген ишинен ажыраган.

Булак:  “Кабар”

Комментарии

  1. Жашол кыйын эле болуп баратат чынында. Иши жоктор ачкачылыктан өлгүсү келет окшойт же жулунуп жардам сураганды билишпейт. Азыр жулунгандардын заманында, ак эмгеги менен күнүмдүк өз акчасын таап балдарын баккан эненин ишсиз калганы абдан өкүнүчтүү. Күнүмдүк акча таап иштеген мындай адамдар гумжардам да суроодон тартынышат да.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь