Бүгүн, 23-апрелге караган түнү өзгөчө абал режими бар аймактарда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 88 адам кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 6 унаа айып короого киргизилген.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда өзгөчө абал режими жарыяланган.
Бүгүн түнү кармалган жарандар:
– Бишкек шаары боюнча 56 адам;
– Жалал-Абад шаары боюнча 13;
– Ош шаары боюнча 5;
– Нарын шаарында 5;
– Ат-Башы районунда 7;
– Сузак району боюнча 1;
– Кара-Суу району боюнча 1 адам кармалды. Ал эми Ноокат районунда тартип бузгандар болгон эмес.
Коменданттык саат башталган 25-марттан тарта 23-апрелге чейин жалпы 3255 адам кармалды.