Комендант: Рамазан айында ооз ачтыруу сооп иш, бирок аларды өткөрүүгө тыюу салынды

287

Азыркы кырдаалга байланыштуу Рамазан айында ооз ачырууга тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Рамазан айында ооз ачтыруу сооп иш, бирок бул жылы түзүлгөн кырдаалды жана чектөөлөрдү эске алып, аларды өткөрүүгө тыюу салынды. Ыйык айда быйыл дагы да көбүрөөк сабырдуу болууга чакырабыз. Конок чакырып, үйгө эл чогултуу жана массалык намаз окуу өткөрүү болбойт. Түшүнүү менен кабыл алыңыздар”,-дейт Орозалиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо ушул жылдын 24-апрелинде башталат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь