Бүгүн, 23-апрелде Казакстандын Алматы шаарында коронавирустан дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бейтап 1964-жылы туулган. 23-апрелге карата Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 20 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 6 адам Алматы шаарында;
- 4 адам Акмола облусунда;
- 3 адам Чымкент шаарында;
- 2 адам Нур-Султан шаарында;
- 1 адам Чыгыш Казакстан облусунда;
- 1 адам Караганда облусунда;
- 1 адам Костанай облусунда;
- 1 адам Павлодар облусунда;
- 1 адам Түркстан облусунда.
Ал эми бүгүн, 23-апрелде саат 12:20га карата Казакстанда дагы 16 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Жаңы учурлар Чымкент (2), Нур-Султан (1), Алматы (1) шаарларында, Павлодар (7), Алматы (3), Кызыл-Ордо (1) жана Түркстан (1) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандар 2207 адамга жетти.