Ошто үйдүн алдында шишкебек уюштургандарга карата кылмыш иши козголду

878

Ошто көп кабаттуу үйдүн жашоочулары шишкебек жасап, үйдүн алдында пикник уюштурушкан. Бул окуяга кылмыш иши козголгонун Ош шаарынын милициясынан билдирди.

Оштун тургунуна карата тергөө органы тарабынан “Өзгөчө абалдын, өзгөчө кырдаал жана аскер режиминин талаптарын бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Белгилүү болгондой, шаардагы көп кабаттуу үйдүн жашоочулары акча чогултуп, керектүү азыктарды сатып келишип үйдүн алдында шишкебек жасап башташкан.

Милиция эс алууну уюштургандарды аныктап, териштирүү уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь