Президенттин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.
Ташпаева 2018 – жылдын декабрь айында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.