Түптөгү өгөй атанын ыплас аракеттери. Үй-бүлөдөгү 4 бала тең балдар үйүнө жайгаштырылды

429

Түп районунда өгөй ата эки жаш кызына ыдык көрсөткөн үй-бүлө аз камсыз катары каттоодо турушат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Такталгандай үй-бүлөдө төрт бала тарбияланат – 12, 13, 8 жаштардагы үч кыз жана бир жашар бала.

Кыздардын айтымында, апасынын жарандык никедеги күйөөсү аларга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Балдардын коопсуздугу үчүн учурда төртөө тең үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Балдары үчүн кооптуу жагдай жараткан эненин ата-энелик укуктарынан ажыратуу же чектөө маселеси каралууда. Буга чейин камкордукка алуу органы ага эскертүү берип келген.

Белгилей кетсек, өгөй атага карата кылмыш иши козголгон, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотуп жиберген.

Комментарии

  1. Энеде эч жазык жок да Эне деген арам ойлобойт Ошол Эненин мындайча айтканда аялынын баркына жетпеген Күйөсүндө аялды сыйласа балдарды да ошондой сыйлоо керек Айбан.мал болуп калган да жазасын алуу керек

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь