Түркиядан учуп келген кыргызстандык жарандардан коронавирус аныкталды

605

Түркиядан учуп келген айрым кыргызстандык жарандардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн баарынан анализ алынган. Коронавирус аныкталгандар ооруканага жаткырылып, калгандары 14 күнгө үй карантинге жөнөтүлдү.

Мындан тышкары алардын кыймылы тиркеме аркылуу да каралып жатат. 14 күндөн кийин кайрадан толук лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп, андан кийин үйлөрүнө чыгарылып, дагы медициналык көзөмөлдө болушат. Жалпысынан 28 күн медициналык көзөмөл уюштурулат.

Эскерте кетсек, 17-апрелде Түркиянын Стамбул шаарынан Кыргызстандын 211 жараны алынып келген болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь