2020-жылдын 23-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды:
Бишкек ш. – 8
Чүй облусу – 4
Ош ш. – 4
Ош облусу – 3
Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:
Ош облусунда – 1
Ош шаарында – 1
Бишкек шаарында – 3.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 162 учур катталды.
Республика боюнча коронавируска кабылгандардын саны жалпы 631ге жетсе, анын ичинен 302 бейтап айыгып, дээрлик жарымы үйлөрүнө кайтышты.