Аксыда сууга түшүп кеткен 11 жаштагы бала изделип жатат

249

Аксы районунда 23-апрель күнү саат 17:20 чамасында Үч-Коргон айыл аймагынын  Катраңкы айылында Наманган каналына 2009-жылы туулган жаш бала сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Издөө ишин жүргүзүү үчүн Аксы райондук №30 АӨКБдан 5 куткаруучу, Аксы райондук ӨКБнөн 4 офицер жана  РӨКО №2 ӨИКОнан 5 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. 

Издөө иштери улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь