Зордук-зомбулук 61,1%га өстү. Комендант үй-бүлөнү сактап, сабырдуу болууга чакырды

271

“Тилекке каршы, Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,1%га өстү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды. Шаар тургундары, сиздерге кайрылам, бул убакыт дагы өтөт, биз үй-бүлөлөрүбүздү сактап, жакындарыбызга сабырдуу болушубуз керек”, – деп чакырды Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Үйдөгү зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө байланыштуу биз кризистик борборлорду ачуу маселесин карап жатабыз. Мында көп адамдар чогулушуна байланыштуу бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер сакталат. Биз бул борборлордун жана алардын тургундарынын коопсуздугун камсыздоого даярбыз”, – деп билдирди борбор калаанын коменданты А.Орозалиев.

Бишкекте 2020-жылдын 25-мартынан 23-апрелине чейин коменданттык сааттын талаптарын 2450 адам бузган. Алардын ичинен 2125 эркек жана 325 аял. Аларга карата тийиштүү протоколдор түзүлдү деп билдирет Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Анын айтымында, бул мезгилде 1458 кылмыш иши катталып, анын ичинен 1326 иштин бети ачылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь