Кыргызстанга Түркиядан дагы 351 жаран келди (видео)

318

24-апрелде “Манас” Эл аралык аэропортунда “Түрк Авиажолу” авиакомпаниясынын “Стамбул-Бишкек” чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди.

Ушул чартердик каттам 2020-жылдын 10-апрелиндеги видеосаммиттин жүрүшүндөгү Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты. Саммиттин учурунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн Уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.

Урматтуу мекендештер! Стамбулдан Бишкекти карай кезектеги чартердик каттам учту. Мекендештерибизге ак жол…

Опубликовано Jenish Moldokmatov Четверг, 23 апреля 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь