Коронавирус жуктурган бир бейтапты дарылоо 3000 доллар каражаттын тегерегин түзөт. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Республикалык штабдын маалымат катчысы Өзбекстанда ар бир бейтапка 3 миң доллар керектелип жатканын айтып, Кыргызстанда канча сарпталарын Үсөнбаевден сураган.
“Биз ар бир бейтапка корогон социалдык-экономикалык чыгымды али эсептей элекпиз. Биздин өлкөдө деле болжол менен Өзбекстандыкындай”, — деди министрдин орун басары.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын саны 656га жетти.