Назарбаев экономиканы калыбына келтирүү программасын ишке киргизүүнү тапшырды

245

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгынын астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

«Биринчиден, бардык мамлекеттер өзүнүн экономикалык стратегиясын кайрадан карап жатышат. Өзүн-өзү камсыз кылуу, өз ресурстарына таянуу, өндүрүштүн жана каржылык чынжырдын ишенимдүүлүгү артыкчылык болот. Экинчиден, өндүрүштүн жаңы артыкчылыктары бекитилет. Натыйжасыз секторлор жок кылынат. Бирок башкалар лидерлик кылып, экономиканы алдыга жылдырып жана элди иш менен камсыздайт», — деди Назарбаев.

Казакстан глобалдык чакырыктардан чыга турчу бардык керектүү каражаттарга ээ экенин белгиледи.

«Өткөн жылдары биз чийки затка болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн көп күч жумшадык. Ошондуктан өнүгүүнүн бардык ири программалары иштелип чыккан – индустриялаштыруу, чакан жана орто бизнес, инфраструктура, айыл чарба, социалдык программалар. Буга ири реусрстар бөлүнгөн. Биз Улуттук фондго жетиштүү көлөмдө каражат топтой алдык. Ал кризис маалында өлкөнү сактай алат. Бирок ал түгөнбөс нерсе эмес, аны сарамжалдуу жана өзгөчө учурларда колдонуу керек», — деген пикирин билдирди Назарбаев.

Коопсуздук кеңештин төрагасы социалдык-экономикалык өнүгүүдө өзгөчө ыкмаларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Алгач эле антикризистик чаралардын комплексин ишке ашыруу керек. Бардык колдоо бизнеске жана коомчулукка тез арада жетиши үчүн, ар бир теңгени көзөмөлдөө керек. Экономиканы калыбына келтирүүнү жана кризистен кийинки өнүгүү программасын ишке киргизүү керек. Биздин негизги тармактарды, келечектеги экономиканы, шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүнү, социалдык чөйрөнү, финансы тутумун өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо керек », — деген маанилүү сөздөрүн айтты Нурсултан Назарбаев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь