Нью-Йорктун дарыгерлери 2 мышыктан коронавирус аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.
Маалыматка караганда, мышыктарга вирус адамдардан жуккан. Оору мышыктарда жеңил өтүп жаткандыктан ветеринарлар алар жакында айыгат деп күтүшүүдө.
Ошондой эле 2 мышык штаттын эки башка аймагында жашай турганы маалым болгон.
Айта кетсек, буга чейин вирустун жаныбардан адамга жуккан учур каттала элек.