Ош шаарында эркек киши 8 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасады деп шектелүүдө. 4-мартта шаардагы көчөлөрдүн биринде эркек киши кыздын шымын, ич кийимин шыпырып аны кармалап баштаган. Бул учур видеобайкоого түшүп калган.
Аталган факт боюнча “Жашы жете элекке ыплас аракеттерди жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ош шаардык соту шектүүнү СИЗОго камады. Тергөө уланууда.
Мындай жаман жоруктар аз эмес.Мыйзамды ушундай жорук жасагандарга катуулатып өлүм өкумунө чейин кайра карап чыгуу зарыл.