Польшадан келген медкызматкерлер Бишкектеги ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу республиканын ыкчам штабынан билдиришти.
Польшалык топтун координатору жана жетекчиси Михал Мадейски белгилегендей, COVID-19 вирусу бар бейтаптарды дарылоодогу кыргызстандык дарыгерлердин методикасы менен ыкмалары Польшада жана Италияда пайдаланылган методикаларга окшош.
Эскерте кетсек, 19-апрелде Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан медициналык кызматкерлер келген.