Бүгүн, 24-апрелде Польша мамлекетинен келген 11 адамдан турган адистер түштүк регионго учуп келишти. Делегацияны Ош Эл аралык аэропортунда КР дин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев баштаган топ тосуп алды. Польшадан келген адистер Ош шаарында, Ош жана Жалал- Абад облустарында изолятордук мекемелеринде ишин улантып, жергиликтүү адистер менен COVID-19 инфекциясын дарылоодо тажрыйба алмашат.
27-апрелде аткарган иштери, алардын жыйынтыгы, медициналык, эпидемиологиялык божомолдоолор боюнча Ош шаарында маалымат жыйынын беришет.
Эскерте кетсек, Польшадан келген адистер, Бишкек шаарына 20-апрелде келишкен. 4 күн борбор калаадагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында болушуп, бүгүн Ошко учуп келишти .