Аксыда каналга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын денеси Өзбекстандан табылды

654

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Наманган каналына түшүп кеткен 11 жашар баланын денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. 

Бүгүн 25-апрель күнү Өзбекстандан баланын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Учурда тиешелүү органдар баланын денесин Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча акт түзүп жатат. Ал эми эки өлкөнүн чектешкен аймагында чек арачылар, куткаруучулар жана баланын туугандары күтүп турушат.

Эске салсак, 4-класстын окуучусу 23-апрелде сууга түшүп кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь