Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев сулуулук салондордун ишмердүүлүгү боюнча маанилүү билдирүү жасады. Ал борбор калаадагы аялдар жана эркектерге арналган салондор качан иштей баштарын айтты.
“Мага көптөгөн билдирүүлөр келип жатат, жеке өзүмдүн байкоомдо жарандар сулуулук салондор 1-майдан тарта ачылат деген ишенимдүү ойдо жүрүшөт. Жашоочулар өз мекемелерин ачууга даярдана башташты. Мен сиздерге бир нерсени пландаштыруу али эрте экенин билдирем. Адамдарды адаштырууга алып барбаңыздар. Бул нерсе Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды болот. Ушуну менен бардык талаш жана ушактарга чекит коюу керек деп эсептейм”,- деген билдирүүсүн таратты Бишкектин коменданты.