ВИДЕО: Бишкекте “Мерседес” тез жардам кызматынын унаасын учура сүздү

660

Бүгүн 25-апрелде саат 20:00дөр чамасында Бишкектин Чүй проспекти менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинде тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсык катталды.

Окуянын жеринен тартылып алынган видеолору чыкты. Анда көрүнүп тургандай катуу ылдамдыкта келе жаткан тез жардам кызматынын унаасын капыстан чыккан “Мерседес” учура сүзгөн.

Кызматтык унаада фельдшер, дарыгер жана айдоочу болгон. Алардын бири анча оор эмес жаракат алды. Катуу жабыркагандар жок.

Кырсыктын чоо-жайы териштирилүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь