Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев UFC менен келишимге кол койду

435

Аралаш мушташ өнөрүнүн мушкери Азиз Сатыбалдиев (16-5) UFC менен келишимге кол койду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Ас салому алейкум урматтуу достор! Убада болгондой, биз расмий түрдө келишимдин биринчи этабына кол койдук. Анан биз UFCден экинчи келишимди күтүп жатабыз. Бизге 2 келишим берилген, биринчиси, экинчиси чечүүчү. Эч кандай учурда утулуп калбашым керек, анткени UFCдеги менин келечегим ошого жараша болот. Менин менеджерим расмий түрдө жарыялашы керек болчу, бирок техникалык көйгөйлөр болгонуна байланыштуу мен келишимге кол койгонумду расмий билдирем. Алдыда жакшы жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтөбүз. Чыдамдуулук жана колдооңуздар үчүн баарыңыздарга рахмат“,-деп жазат Азиз Сатыбалдиев .

Белгилүү болгондой 23 жаштагы Сатыбалдиев 4 беттешке келишим түзгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь