Россияда ашпозчулуктан ишин баштаган 23 жаштагы Нурхан директорлукка чейин жетишти

623

– Кайсы жердин кулуну болосуз? Кайсы кесиптин ээсисиз?

– Мен Акаев Нурхан Кубатович, 1996-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөм. 9-классты Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинен аяктап, 2012-жылы Нарындан Бишкек шаарына келип колледжде окуумду уланттым. Бишкек Финансы Экономика академиясынын финансы багытындагы адистикти артыкчылык менен аяктадым. Андан соң КУУнун финансы тармагында дистанттык түрдө билим алдым.

ЖОЖдогу окуу менен биргеликте жол-курулуш компаниясында бир жыл иштеп, кийин эркин экономикалык аймак дирекциясынын Бишкектеги товарлардын кыймылын эсепке алуу бөлүмүндө иштедим. Ал жерде эки жыл эмгектенгенден кийин сыртка иштөөгө чечим кабыл алгам.

Бир нече вариантардын ичинен Түркия өлкөсүн тандап, бир жыл мейманкана кызматтары жана туризм жаатында иш алып бардым. Кийин Кыргызстанга кайрадан кайтып келдим, андан соң тааныштар аркылуу Россия Федерациясынын Иркутск шаарына баргам.

– Окуучу кезиңиздеги кыял-максаттарыңыз кандай эле?

– Бала кезимден банкир болууну кыялданчумун, ошондуктан мен финансы багытын тандадым. Кыялым Кыргызстанды Швейцарияга теңөө болчу.

– Жашоодо сиз ойлогондой кесибиңиздин жардамы тийип жатабы?

– Менин окуудагы жетишкендиктерим жана иштегеним мага ийгилик алып келди. Андыктан бардык окутуучуларыма, жетекчилериме ыраазычылыгымды билдирем.

– Эмне себептен Россияга кетүүнү чечтиңиз? Ал жактан кантип жумушка орношуп калдыңыз? Кандай максатта бардыңыз эле? 

– Көчүүнүн негизги себеби, жаңы нерсени сезүү, каалоо болду. Мен Иркутска 2018-жылы декабрда көчүп келдим. Келгениме бир жума өткөндөн кийин тааныштарымдын сунушу боюнча, Fox Pizza компаниясына жумушка орноштум, бул жергиликтүү пиццериялардын лидерлери, азыркы учурда чынжырда 15 пиццерия бар.

Менин карьерам сызыктуу кызматкердин – ашпозчунун кадамдарынан башталды, ашпозчу болуп иштеп жүргөндө мен дагы көп нерсени билдим, персоналды башкарууну бардык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга күбө болдум. Демилгенин аркасында компаниянын башчысы мени байкап, мени компаниянын борбордук кеңсесине башкы директордун жардамчысы кылып өткөрүп берди. 4 айдан соң ал компаниянын операциялар бөлүмүнүн директору болуп дайындалдым.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

Мен үчүн негизги максат – тез өсүп келе жаткан компаниялар менен бирге өсүү.

Азыркы учурда, биздин компания жакынкы аймактарда франчайзинг тармагын өнүктүрүүнү баштап жатат жана келечекте башка өлкөлөрдө да ачууну пландап жатабыз. Бул багытта биздин компаниянын көптөгөн артыкчылыктары бар:

  • Пиццериянын ар кандай форматы-конокторубуздун ар кандай муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. Балдардын аянты бар ресторандардан баштап, ар кандай даамдагы кальян, коктейль сатылган пиццерия бар
  • Жогорку маржа бизнес
  • 100% сыналган бизнес модели
  • Талап кылынган жана кызыктуу бизнес
  • Бизнестин өзөгүн жагымдуу жана даамдуу продукт түзөт.

– Кызыктуу окуяларыңызды же жашоодон алган сабактар тууралуу кеп салсаңыз?

– Адегенде азыркы иштеп жаткан компанияга ишке орношконумда, борбордук кеңсебизде биздин республикадан жада калса коңшу мамлекеттерден башка бир дагы жаран жок эле. Менин айланамдагы мекендештердин бардыгы катардагы жумушчу болуп иштегенине ыраазы болушуп, андан ары өсүүгө ишенишкен эмес. Бирок мен өжөрлүгүмдөн улам аларга тескери оң натыйжаны көрсөтө алдым деп ойлойм. Себеби мага убакыттын текке кетпегенин негизги көрсөткүчү бул өсүп-өнүгүү экенин дайым үйрөтүшчү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь