Ысык-Көлдө аялы менен уруша кеткен күйөө өзүн өзү башка атып салды

794

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда эркек киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустун ички иштер башкармалыгынан билдирген.

Каргашалуу окуя 23-апрелде болгон. Күйөөсү аялы менен уруша кетип, аял туугандарыныкына кетип калган.

“Маркум классташтарынан жубайынын туугандарыныкына бирге барып келүүнү суранган. Жолдо бара жатып кайын энеси менен сүйлөшүүгө аракет кылганда ал телефонду коюп салган. Ошондо 30 жаштагы М.Д. досторун унаадан чыгып тургула деп, травматикалык тапанча менен өзүн өзү башка аткан. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда“,- дейт милициядан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь