Ысык-Көл жана Ош облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

541

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-апрель күнү саат 03:56да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында 5 балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында 4 балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында 3 балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Ушул эле күнү саат 06:55те Ош облусунун аймагында дагы очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында-5 балл, Алай районунун Кен-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында-4 балл, Ош шаарында, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырзаке, Саламалик айылдарында-3 балл, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь