2020-жылдын 25-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учур катталды:
Бишкек шаары – 4
Ош шаары – 4
Чүй облусу – 1
Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын баары Бишкек шаарында.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 175 учур катталды.
25-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 665 адам.
Стационарда – 312, алардын ичинен реанимацияда – 6
Ооруканадан чыгарылды – 345
Каза тапты – 8