Бүгүнкү күндөн баштап, Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт.
Ошондой эле, фирмалардын, ири компаниялардын кызматкерлери акы төлөнүүчү негизде текшерүүдөн өтө алышат. Ал эми пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт.
Белгилей кетсек, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 175 учур катталды.