Италияда күндүз коронавирустан каза болгондордун саны боюнча акыркы айдагы эң төмөнкү көрсөткүч катталды.
Акыркы бир сутка ичинде 420 адам каза болуп, жалпы көрсөткүч 25 969 түзсө да, бул 19-марттан берки эң төмөнкү деңгээл. Коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 3021ге көбөйдү, жалпы 193 миңге жакындады.
Италиялык ЖМКлардын маалыматында, катуу карантиндик чаралар жакынкы 4 жуманын ичинде акырындан алына баштайт.