Индияда коронавируска карата текшерүүлөр күчөтүлдү (Видео)

231

Индиянын Гуджарат штатында дөңгөлөк үстүндөгү лабораторияны пайдаланып башташты. Бул тууралуу Euronews маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, медицина кызматкерлери каалоочуларды ошол жерден эле коронавируска карата текшерүүдөн өтүүгө чакырып жатышат.

Мындай демилге элдин саламаттыгы менен катар дарыгерлерди коргоо максатын көздөйт.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 26-апрелге карата 25 миң бейтап бар. Ал эми илдеттен улам 800 адам каза болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь