25-апрелден 26-апрелге караган сутка ичинде Кыргызстандагы ооруканалардан коронавирустан айыккан 25 адам чыгарылды. Бул маалыматты бүгүн, 26-апрелде республикалык ыкчам штаб билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек ш. – 10;
Ош ш. – 2;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 6;
Нарын облусу – 6.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.