Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери коронавирус илдети тастыкталган 85 жаштагы бейтапты айыктырышты. Анын оорусу жеңил түрдө өткөн.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аял 2020-жылдын мартында кичи хаджадан келгендердин арасында болгон. Сапарда аны коштоп жүргөн келининен вирус табылган эмес.
26-апрелге карата Ала-Бука районунда коронавирус жуктурган 13 бейтап бар. Алардын көпчүлүгүндө оору белгиси жок, жеңил өтүүдө. Бактыга жараша оор абалдагылар жок.