Бүгүн, 26-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 682 адамга жеткенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 2706 адам байланышкан. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1183 адам жатат.