Кыргызстанда дагы 17 адам коронавирус жуктурду. Жалпысынан 682 бейтап бар

513

Бүгүн, 26-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 682 адамга жетти.

  • Бишкек шаары – 7;
  • Ош шаары – 1;
  • Чуй облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Баткен облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Ош облусу – 2.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь