Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Облус аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, 23-апрелден бери иштей баштады.
“Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан келди”, – деп айтылат маалыматта.
Бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.